• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коопсуз шаар долбоорунун сынагында жогорку жактан бирөө кысым көрсөткөнбү?

4 Тогуздун айы 2018 13:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.10.2018. Govori.TV

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн уюштурулган сынакка катышкандар эл аралык сотко доо арыз менен кайрылышат. Бул тууралуу маалымат жыйында «Маалыматтык системанын коопсуздугу» компаниясынын расмий өкүлү Юрий Катютин билдирди.

Айтымында, сынак эреже бузуулар менен өткөн. Жыйынтыгын расмий билдирүүгө чейин эле «Вега» компаниясы жеңди деп эрте айтышкан.
«Сынактын жүрүшүндө жогорку жакта иштеген бирөө кысым көрсөткөн, анын атын атабай эле коеюн. Сынактын шарты боюнча, «СпецСтройМонтаж» менен «Вега» компаниясы катышпаш керек эле, анткени алар квалификациялуу талаптарга жоп бербейт жана керектүү тажрыйбалары жок», -деди Юрий Катютин.
Ошондой эле компаниянын жактоочусу Тилек Өмүралиевдин айтымында, сынактын комиссиясы тендер өткөрүүнүн эрежесин бузушкан.
“Компания арызды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссияга кайрылдык, Эгерде канааттандарбаса анда орусиялык инвестторлор эл аралык сотко кайрылабыз»-деп билдирди.
Количество просмотров: 21