• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

“Коопсуз шаардын” кемчилиги көйгөй жаратты

11 Чын куран 2019 17:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.04.2019. Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелде Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитети “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы ишке ашканы турганын билдирди. Бул баскычта, өлкө боюнча 314 аппараттык-программалык комплексти орнотуу каралууда.

Коопсуз шаар долбоорунун алкагында жаракат алган учурлар 44,4%га кыскарган. Анын айтымында, жол эреже бузууларды жолдогу стационардык комплекстер каттаган.

Коопсуз шаар долбоорунун алкагында бир топ алгылыктуу аракеттер аткарылганы менен бирге эле кемчиликтери дагы бар. Унааны ишеним кат менен айдап жүргөн айдоочулар тартип бузган учурда маселе жаралып, айыппул тууралуу кат унааны саткан ээсине барып жатат. Мындай көрүнүш калкка кыйла кыйындык жаратты. Бул жаатта мамлекеттик катто кызматы иш алып барышы керектиги айтылды.

Бул тууралуу мамлекттик катто кызматы канчадан бери эле маселени чечүүгө аракет кылып келе жаткандыгын билдирип, жарандар дагы жоопкерчиликтүү болуп, кайдигер карабоого чакырды.

Аталган мекеме канчалык аракет кылбасын, бул жерге келген жарандардын түйшүгүн жеңилдете албай келет.

Маселенин чечүүдө жарандардын кайдигерлиги дагы тоскоолдук жаратууда. Мында өкмөт тарабынан комплекстүү аракет көрүлүп маселени чечүү учурдун талабы.

Тезинен чечүү учурдун талабы болгону менен, азырынча өкмөт тарабынан эч кандай аракет байкалбай келет.

Количество просмотров: 12