• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кореянын мурдагы президенти 24 жылга кесилди

6 Чын куран 2018 15:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.04.2018.Govori.TV
Сеулдун борбордук соту Туштүк Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хени 24 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА «Новости» маалымдады.
Пак Кын Хе 2017-жылдын март айында камака алынган. Ал коррупция, паракорлук, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, мамлекеттик сырларды ачуу жана башка 18 эпизод менен айыпталууда. Башкы прокуратура экс-президентти 30 жылга эркинен ажыратууну жана 118,5 млр кореялык вон (95 млн доллар) айыпка жыгууну суранган.
Чуулу иш 2016-жылдын октябрь айында башталган. Маалымат каражаттары президенттин курбу кызы  Цой Сун Силь Samsung жана башка ири компаниялардан өзүнүн фондуна акча котортконун жазып чыгышкан. Ошондой эле президенттин курбу кызы бир дагы мамлекеттик кызматты ээлбей туруп, президенттин админстрациясынын ишине кийлигишип, өзүнүн жогору жактагы байланыштары менен акчалай пайда көрүп турган.
Эки ай мурда сот Цой Сун Сильди 20 жылга эркинен ажыратып, 18 млрд вон (16.56 млн доллар) айыпка жыккан.
Жалпысынан бул иш боюнча 30 адам айыпталууда. Алардын арасында  Samsung корпорациясынын башчысы Ли Чжэ Ен  дагы бар.
2017-жылдын 9-майынан бери Түштүк Кореянын жаңы президенти болуп Мун Чжэ Ин иштеп жатат.
Количество просмотров: 17