Бишкек шаарында жарандык активисттер тарабынан элдик штаб түзүлүп, иштей баштады. Анын негизги максаты — саламаттык сактоо министрлигинин коронавируска каршы күрөшүү иштеринде бүгүнкү кырдаалдан улам жардамга муктаж шаар тургундарына көмөк көрсөтүү.
Штаб түзүү боюнча демилге көтөргөндөрдүн бири Жогорку Кеңештин депутаты
Марлен Маматалиев бул тууралуу фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
Маматалиевдин айтымында, учурда 5 унаа уюшулду, бирок бул аздык кылат. Ошондой эле депутат жасалма дем алдыруучу аппараттарга буйрутма бергенин жана кошумча койкалар үчүн өзүнүн кеңсесин берүүгө даяр экенин айткан.
“Урматтуу достор, мекенчилдер! Биздин жарандардын тагдырына кайдыгер карабагандарды Саламаттык сактоо министрлигинин жанында уюшулган элдик штабга кошулууга чакырабыз. Тез жардам унаасынын жетишсиздигинен улам ыктыярчыларды өзүнүн машинелери (минивен, кичиавтобус) менен биригүүгө чакырам»,- деп жазды депутат.