• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Коронавирус менен ооруган дарыгер Шайназар Закиров көз жумду

17 Теке 202013:41 Бишкек Govori.TV

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында инфекционист дарыгер болуп эмгектенип жаткан Закиров Шайназар Абдукаримович каза болду. Ал 53 жашында көз жумганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маркум коронавирус оорусуна чалдыккан. Ал 1966-жылы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылында жарыкка келген.

Кыргызстанда 8 медицина кызматкери коронавирус оорусу жуккандан кийин көз жумду.

Количество просмотров: 253