• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Коронавирус: Нарында изоляцияга алынган кишинин анализи таза чыкты

19 Жалган куран 2020 11:44 Бишкек Govori.TV

Нарында коронавирус жугузуп алышы ыктымал деп изоляцияга алынган кишинин анализи таза чыкты. Бул тууралуу парламентте маалымат берип жатып өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Нарын облустук казыятынын маалыматында, жыл башынан бери облустан жалпысынан 43 киши умрага барып келген. Алардын ичинен бирөө изоляцияга алынган. Ал адам 12-мартта Сауд Арабиясынан коронавирус тастыкталган сузактык үч тургун менен чогуу учуп келген.

Премьердин айтымында, сузактык үч тургун менен бир учакта учуп келген жүргүнчүлөрдүн так саны 144 экени аныкталды. Алардын баары азыр медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар умрадан кайтып келгени айтылды. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. 19-мартка карата, Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.

Оору жугузуп алган жарандар менен чоогу бир учакта келгендердин 8 киши Баткенден, 48 адам Жалал-Абаддан, 63ү Оштон, төртөө Чүйдө ал эми Нарын менен Ысык-Көлдө 1ден адам болсо 19 адам Бишкектен болушкан

Количество просмотров: 1154