• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коронавирус жуккан 16 адам оор абалда реанимацияда жатат

2 Тогуздун айы 2020 12:00 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуккан 16 адам өтө оор абалда реанимацияда жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, илдетке кабылган жарандардын 10у канааттандырарлык абалда.

«667 адам орточо оор, 194ү оор жана 16 адам өтө оор абалда реанимацияда жатат. Өлкөнүн түштүк аймагына коронавирус менен күрөшүүгө профессор, докторлор барып, сунуштарын айтууда. Ошондой эле ал жакта саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев да иш алып барууда», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 2-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 215 жаңы учур катталып, илдетке кабылгандардын жалпы саны 47 миң 56ны түзөт. Алардын ичинен 43 миң 137 киши айыгып чыкты, 1 миң 65 адам каза болду.

Количество просмотров: 150