Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирустан 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
«Таажы илдетинен Бишкекте 3 киши жана Баткенде 1 бейтап көз жумду», — деди Акматова.
Кошумчалай кетсек, пандемия башталгандан бери өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1 478ге жетти.