Бүгүн, 24-июнга караган суткада Кыргызстандын аймагында коронавирустун кесепетинен 5 бейтап каза тапты. Алардын ичинен үчөө Бишкекте, бири Чүй облусунда, бири Ош шаарында катталган.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын кесепетинен жалпы 1958 бейтап көз жумду.