• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Коррупцияга каршы күрөштүн эсеби 47 млн. сомго жакын толукталды

22 Үчтүн айы 2019 14:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.01.2019.Govori.TV.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупцияга каршы күрөш боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 46 млн. 909 миң сом которду. Ушуну менен УКМК депозиттик эсепке которгон каражаттын жалпы суммасы 241 815 287 сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун алдында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) жемкорлукка баргандардан өндүрүлгөн акча үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 15 231 371 сом которгонун билдирген.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби былтыр июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.

Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, УКМКга жана ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.

Количество просмотров: 20