Боюнда бар аялды кабыл албай коюу фактысы боюнча бир нече медицина мекемесинин жетекчилерине дисциплинардык жаза колдонулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, арызда айтылгандар ырасталган. Ага ылайык, борбор калаадагы перинаталдык борбордун, №1 төрөт үйүнүн, шаардык гинекология ооруканасынын жана №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилигине тийиштүү чаралар көрүлөт.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө видео тасма тарап, анда аксылык экенин айткан кош бойлуу келин төрөтканалардан кабыл албай жатканын ыйлап айтып берген. Ага кош бойлуулуктун мөөнөтү жана документтери жок болгонун себеп кылышкан.