• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

КР футболчуларынын кайта турган күнү айтылды

22 Үчтүн айы 201914:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV

Кыргызстандын Футбол федерациясы күйөрмандарды курама команданы «Манас» аэропортунан тосуп алууга чакырды.

Маалыматта команда Кыргызстанга 24-январь күнү таңкы саат 05.00дө Дубай — Бишкек каттамы менен келери айтылат. Эскерте кетсек, улуттук команда Азия кубогунун 1/8 финалында Бириккен Араб Эмирлигинен утулугандан кийин мелдештен четтеди.

«Келгиле, Кыргызстандын желегин бийик көтөргөн баатырларыбызды татыктуу тосуп алалы!» — деп айтылат билдирүүдө.

Күйөрмандар саат таңкы 4.00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кире беришине чогулат. Автобусту федерация уюштурат.

Теги:
Количество просмотров: 20