• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“КСДП” иш менен эмес чыр менен алек болуп калдыбы?

7 Жалган куран 2019 16:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.03.2019. Govori.TV

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиянын кезексиз съезди 3-апрелде өтө турганын билдиргенден тарта, Атамбаев башында турган КСДПнын мүчөлөрү дагы маалымат жыйын өткөрүп, “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын съездин лигитимсиз деп атады.

Эске салсак, 2018-жылдын 1-ноябрында “КСДП” партиясынын катарынан чыгарылып калган Иса Өмүркулов мындай чечимди мыйзамсыз деп билдирип, сөзсүз түрдө реакция болот деген эле.

 “КСДП” партиясынын кезексиз съезди 6-апрелде боло турган болсо, “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын жыйыны 3-апрелге белгиленген. Мунун себебин Иса Өмүркулов түшүндүрүп берди.

Буга чейин Сагынбек Абрахманов башында турган “КСДП Атамбаевсиз” кыймылы өткөргөн маалымат жыйынында Иса Өмүркуловдун ишинен жыйынтык чыкпай жатат деп сындаган эле.

 “КСДПнын” мүчөлөрүнүн бир тарабы Жээнбоковдук экинчиси Атамбаевдик болуп калганы көрүнүп эл калган. Эми партиянын үчүнчү Абдрахманов тарабы дагы пайда болгону айтылды. Чырынын түбү бүтпөгөн КСДП өзүн эле эмес, элди да экиге бөлүп, иш менен эмес чыр менен алек болуп калдыбы деген суроо жаралат.

Теги:
Количество просмотров: 23