• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

КСДП: Жээнбековдун шайлоо штабынын эсепчисине өлкөдөн чыгып кетүүнү Атамбаев сунуштаган

10 Үчтүн айы 2019 14:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.01.2018.Govori.TV.

2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызына убактылуу өлкөдөн чыгып кетүүнү экс-президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады. Анын айтымында, Сатыгул кызы учурда Индияда эс алууда жана качан келери азырынча белгисиз.

— Икрамжан Илмияновду кармап кетишкенден кийин ушундай сунуш айтылган. Аңдуу, шектүү телефон чалуу болгондо ал Алмазбек Атамбаевге айткан. Ошол учурда «коопсуздугуң үчүн азыр өлкөдөн чыгып тур» деп сунуш кылган.

Шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кеткенин алгачкы жолу “Апрель” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев билдирген. Кийин ал коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын КСДПнын өкүлдөрү да “Азаттыкка” ырастап, бирок кайсы өлкөгө кеткенин айтышкан эмес.

Шаршемби күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга эс алууга барары белгилүү болгон. Кундуз Жолдубаева ал партиялык иштерден улам кыска мөөнөткө эс алууга барып келүүнү чечкенин, мында саясат жок экенин белгилеген.

Надира Сатыгул кызы КСДПнын каржы иштери боюнча өкүлү болуп, 2015-жылы парламенттик шайлоодо партия тизмеси менен депутаттыкка да ат салышкан. Кийин анын уулу, БШКнын мүчөсү Адилет Сатыгуловдун да өлкөдөн чыгып кеткени айтылып, бир айдан кийин кайтып келген.

Мунун алдында укук коргоочу Нурбек Токтакунов «президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган» деген каражаттарынын тизмесин жарыялаган. Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун шайлоо штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткен. Президенттин аппараты муну «фейк» маалымат деп мүнөздөгөн.

Количество просмотров: 24