Бишкек.25.12.2018.Govori.TV
Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовго карата акыркы айып тагылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Слесаревдун айтымында, мурунку мэрге жемкорлук, анын ичинен Кылмыш кодексинин 2-беренесинин негизинде кылмыштуу түрдө сүйлөшүп алуу боюнча айып тагылууда. Бул беренеде 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, 2014-жылы Кубанычбек Кулматов шаар башчысы болуп турганда 2 мектептин курулушуна делген 2 миллион доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган.
Булак: 24 kg