• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кубанычбек Нурматов: Чек ара маселесиндеги тополоңду үчүнчү тарап күчөтүп жибериши мүмкүн

15 Жалган куран 2019 14:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.03.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов 13-мартта Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр тууралуу, мындай болуу чыр болуу коркунучу бар экенин мурун эле эскертип келгенин айтты. Мындан сырткары кырдаалдан пайдаланып, үчүнчү тарап чырды күчөтүп жибериши мүмкүн экенин кошумчалады.

Эске салсак, 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Расмий маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан 13-марттагы окуяда бир киши, 14-мартта дагы бир адам жаракат алып, ооруканада жатат. Бейшембидеги чатакта жараат алган адам милиция кызматкери экени аныкталган.

Теги:
Количество просмотров: 20