• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кубанычбек Нурматов спорт сарайын сатууну сунуш кылды

11 Бирдин айы 2019 17:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.02.2019. Govori.TV

Парламент депутаты Кубанычбек Нурматов Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайын сатууну сунуш кылууда. Анын жүйөсү боюнча спорт сарайынын эскилиги жетип, ар кандай иш-чара өткөрүүгө шарты туура келбей калды. Депутаттын айтымында, борбордук футбол стадионунун ордуна жаңы спорт сарайы салынышы керек. Ал эми футболдук стадионду шаардын чекесине чыгарган оң.

“Азыр спорт сарайында ыр кече, спорттук иш-чара, жармаңке аралашып эле өтүп жатат. Жаңы спорт сарайын салып, азыркысын сатып же башка имарат кылыш керек”, — деди ал.

1976-жылдары курулуп бүткөн Кожомкул атындагы спорт ордосу 2014-жылдары оңдолуп-түздөлгөн. Учурда имараттын аянты эки гектарга жакын, чоң залында спорттун бардык түрү боюнча мелдештер, концерттик программалар жана ар кандай коомдук иш-чаралар өтөт. Залга үч миңге жакын көрүүчү батат.

Булак: “Азаттык”

Количество просмотров: 27