Бишкек.09.07.2019.Govori.TV.
Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылында региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата «Кулатуу Эр таймаш WEF» Эл аралык беттеши өттү.
Турнирде Кыргызстандын мушкерлери менен кошуна өлкөлөрдөн келген балбандар күч сынашты. Иш чара «Кулатуу Эр таймаш WEF» федерациясынын Нарын облусундагы президенти Турускулов Жыргалбек Күрүчбековичтин колдоосу менен өттү.
Демөөрчүнүн айтымында аталган мелдеш экинчи жолу өтүп жатат.
«Былтыр мелдеш Нарын шаарында болгон. Быйыл бул мелдеш Нарын районунун Куланак айылында өтүп жатат. Мен жеке өзүм турнирдин райондун ичинде Эл аралык деңгээлде өтүп жатканына сыймыктанып жатам. Менин демөөрчүлүгүм астында бул иш чара жыл сайын өтүп турушу керек. Буйруса мындан ары мелдеш салтка айланат», — деди Жыргалбек Турускулов.
Ал эми WEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышов бул мелдешке тандалган гана балбандар чыга турганын айтат.
» Бул Эл аралык турнерде 18 беттеш бар. Мелдешке жөн эле балбандар чыга бербейт. Биздин федерацияда 7-8 жолу утушка жеткенден кийин гана бул жакка чыгууга мүмкүндүк алат», — дейт Руслан Кыдырмышов.
Эл аралык деңгээлдеги беттеште балбандар 18 наам үчүн ат салышты. Алардын 2 наамы чемпиондук кур болду. Иш чарага ЖК төрагасы баш болгон бир топ Жогорку Кеңештин депутаттары дагы катышып, күбө болушту.