• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму 20-мартка жылды

13 Жалган куран 2019 11:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.03.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму 20-мартта уланмай болду.

Бүгүнкү отурумда Кулматов айыптоочу корутунду менен тааныш эмес экени айтылып, ишти кароо кийинкиге калды.

6-мартта Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип карала баштаган. Жалпысынан эки мэрдин ишине байланыштуу дагы 15 кишиге айып коюлган.

Соттук отурумга журналисттер, айыпталуучулардын туугандары жана жакындары айрым учурда киргизилбей, нааразылык айтылууда.

Кулматов баш калаада мектеп салууга жумшалган 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган деп айыпталган. Ал эми Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деген айыптар коюлган.

Количество просмотров: 21