• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум жылдырылды

6 Жалган куран 201912:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.03.2019. Govori.TV.

Ленин райондук сотундагы борбор калаанын мурдагы эки мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отуруму керектүү шарттар жок болгондугуна байланыштуу жылдырылды.

Ленин райондук соту билдиргендей, кийинки отурум 13-мартта өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, борбор калаанын мурдагы эки мэри «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушундагы коррупция фактысы боюнча айыпталууда. Алардын иши бир ишке бириктирилген.

Аталган эки мэрге Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана алар менен ымалага келген жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Алар мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Количество просмотров: 51