• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кулов тантырап калбаш үчүн кандай рюмкадан ичимдик ичүү керектигин айтты

18 Жалган куран 2019 15:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.03.2019. Govori.TV

Бүгүн, 18-мартта саясатчы Феликс Кулов фейсбуктагы баракчасына рюмкалардын сүрөтүн бөлүшүп пост жазды.

“Досум жөнөтүп, сурап жатат: ушундай кенедей рюмкадан ичип ар кандай сөздөрдү сүйлөп өзүн тыя албай калса болобу?,-деп. Суроосуна жооп: сүрөттөгү арак үчүн чоң рюмка болжол менен 50 грамм, ал эми кимдир бирөө коньяк ичтим деп айтып жаткан кичинекей рюмка Кытайдын 52 градус күчү бар Маотай арагына чыгарылган. Бул аракты ичкенде жеңил кетет, бирок оңой эле мас болосуң… Ошентсе да элдер бул ичимдик ичүү темасына тез арада реакция кылышыптыр”,-деп жазды саясатчы. 

Белгилей кетсек, Аксы окуяларына арналган эскерүү митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаев “Өткөн жылы 29-мартта Сооронбай Жээнбеков үйгө келип отуруп коньяк жана арак ичкенбиз. Мен Кытайдан алып келишкен 10 граммдык рюмка менен коньяк ичтим. Жээнбеков “агынан” алып отурду. Калп болсо айтсын, күбөлөр бар. Биз аны менен төрт сааттан ашык сүйлөштүк”,-деп билдирген болчу.

Булак: “Барометр”

Теги:
Количество просмотров: 12