• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кумтөрдүн айланасындагы Үч-Көл, Коёнду жана Карасай тилкелери башка компанияларга таратып салынган

5 Аяк оона 2019 8:21 Бишкек Govori.TV


Кумтөрдүн айланасындагы Үч-Көл, Коёнду жана Карасай тилкелерин чалгындоого лицензиялар башка компанияларга берилип кеткен. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, тилкелер Сарычат-Ээрташ коругунун аймагына кирбейт.

2013-жылы депутаттык комиссия ишин аяктаган соң «Центерра Голд» компаниясы чалгындоо ишин жүргүзүүдөн баш тарткан. Кийин бул тилкелерди иштетиш үчүн башка компаниялар лицензия алган.

«Биз бул маселени териштиребиз. Эмне себептен бул тилкелерге лицензия берилип келет? Коопсуздук кеңешинин алкагында да каралат», — деди Ибраев.

Буга чейин аталган тилкелер мамлекеттик коруктун аймагына кире турганы жана Кумтөргө берилип кеткени тууралуу маалыматтар айтылган.

Количество просмотров: 63