• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кумтөргө байланыштуу 29чу саруулук соттолду…

11 Үчтүн айы 2019 13:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.2019.Govori.TV.

2013-жылдын 7-октябрындагы «Кумтөр» боюнча меморандумга каршы митингдин катышуучуларына байланышкан сот процесси Бишкек шаардык сотунда болуп өттү.

Тактап айтканда, шаардык сот айыпталуучу Саламат Маданбековдун Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата аппеляциялык арызын карап, жарым жартылай күчүндө калтырып 8 жыл 1 ай күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратты.

Саламат Маданбеков Ысык-Кєл облусунун мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алышкан деген факты боюнча айыпталып жаткан саруулуктардын 29су. Тактап айтканда, буга чейин бир нече айылдыктарга айыптары угузулуп, жаза мөөнөтүн өтөп чыккандар дагы бар.

Ал эми Саламат Маданбеков Россия Федерациясына чыгып кеткендиктен Кыргызстандын укук коргоо тармагынын суроо-талабы аркылуу Саратов шаарында кармалган.

Таң калыштуусу Башкы прокуратура баш болуп, аталган адамдын тагдырына кызыкпагандыктан аталган шаардын СИЗОсунда бир жарым жыл негизсиз отурган. Акырында Россия Федерациясынан чыгарылган. Кыргызстанга кайтып келип, сот органдарына өзү кайрылган учурда камакка алынган. Айыпталуучу кийинки инстанцияга кайрыла турган билдирди.

Теги:
Количество просмотров: 20