• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Курсан Асановдун ысымын спорт залына ыйгарышты

23 Жалган куран 201911:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.03.2019. Govori.TV

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Баткендин Аксай айылындагы спорт комплексине өз атын койгону белгилүү болду.

Маалыматка караганда комплекстин ачылышына Курсан Асанов өзү дагы катышкан.

Буга чейин белгилүү болгондой, кыргыз-тажик чек арасындагы Аксай айылында укук коргоо органдары азыр да күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Кошумчалай кетсек, 13-14-марта кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргызстандан төрт адам жабыр тартып, Тажикстандан эки киши каза болгон, дагы бир нечеси жараат алган.

18-мартта эки тараптын күчү менен абалды жайгарууга мүмкүнчүлүк болгон. Чек араны деморкациялоо иштери апрелде уланат.

Теги:
Количество просмотров: 22