• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Куулган чиновник: Мамлекеттик кызматкер болуп тургандыктан эч нерсе дей албайм

17 Үчтүн айы 2019 12:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.01.2019 Govori.TV.

Талантбек Тынысов: «Мен кечээ абалды аларга түшүндүрүп айттым. Бирок ошондой мамиле болду. Азыр да мамлекеттик кызматкер болуп тургандыктан эч нерсе дей албайм, алардын өздөрүнө койдум. Ага чейин 3 жерден текшерип өткөрүштү, ошондо киргизбей коюшпайт беле?»

Ага чейин 3 жерден текшерип өткөрүштү, ошондо киргизбей коюшпайт беле Кечээ парламенттин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду «Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз» деп сынга алган. Андан кийин вице-спикер Мирлан Бакиров Жогорку Кеңеш базар эмес экенин айтып, жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылган. Андан кийин Тынысов жыйындан чыгып кеткен.

SUPER.KG порталы бул абал боюнча Талантбек Тынысовго байланышканда: «Мен кечээ абалды аларга түшүндүрүп айттым, бирок ошондой мамиле болду. Азыр да мамлекеттик кызматкер болуп тургандыктан эч нерсе дей албайм, алардын өздөрүнө койдум. Ага чейин 3 жерден текшерип өткөрүштү, ошондо киргизбей коюшпайт беле. Мен Жогорку Кеңешке биринчи жолу бардым. Менде да кемчилик бар. Бирок барарымды алдын ала билсем андай кийим киймек эмесмин. Айтор, мен айткан себепти түшүнгүлөрү келген жок»,- деген.

Количество просмотров: 13