• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда сөз эркиндиги барбы? «Чек арасыз кабарчылар» кара тизме жарыялады

25 Чын куран 2018 17:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.04.2018.Govori.TV.
25-апрелде, «Чек арасыз кабарчылар» (Reporters Sans Frontières — RSF) уюму  жылдык баяндамада жарыялады.
Ага ылайык, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча тогуз тепкичке ылдыйлады. Бул тизмеде былтыркыга караганда, сөз эркиндиги боюнча өлкөнүн көрсөткүчкөрү 98 орунга татыды. Баяндаманын авторлору муну бийликтин басма сөзгө көрсөткөн кысымы жана журналисттерге, эркин басылмаларга салынган чоң айыппулдар менен негиздеген.
25-апрелде, «Чек арасыз кабарчылар» (Reporters Sans Frontières — RSF) уюмунун баяндамасында «журналисттердин ишине жолтоо болгон саясий лидерлер демократияга кедергисин тийгизүүдө» деп айтылат.
Reporters Sans Frontières — RSF уюмунун баш кеңсеси Парижде жайгашкан.
Количество просмотров: 34