Кыйноого шектелген үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголду
Кыйноого шектелген үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголду
13 Аяк оона 2018 12:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.09.2018.Govori.TV.
Башкы прокуратура билдиргендей, кыйноого шектелип жаткандар Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери.
12-сентябрда ушул эле райондук прокуратура аларга Кылмыш-жаза кодексинин 305-1 («Кыйноо»), 324 («Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу») беренелери менен кылмыш ишин ачты.
Милиционерлерге карата алардан запкы көргөнүн айтып, жергиликтүү тургун быйыл 4-сентябрда арыз жазган.
Иликтөө учурунда бул кызматкерлер аны күч колдонуп, кылмыш жообуна тартабыз деп коркутуу менен «милицияга доом жок» деген арыз жаздырганы аныкталды деп айтылат Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүндө.
Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы 300дөн ашык жаран кыйноого байланыштуу жардам сурап аталган органга кайрылган.