• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кылмыштуу окуяларга илээшкен «Кыргызстан» партиясы…

29 Үчтүн айы 2019 19:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.01.2019.Govori.TV.

Кыргызстан партиясын алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов негиздеген.

«Токмок-Автодорожный» пунктундагы чырга байланыштуу   «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урмат Самаевдин аты аталып, милиция анын суракка келгенин тастыктады.

Буга чейин депутат Урмат Самаев бул окуяга катышы жоктугун айтып чыккан. Бирок, жогоруда айтылгандай бул окуяга байланыштуу суракка келген.

Эске салсак, «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир мүчөсү,  мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулу контрабандага айыпталып,  учурда Казакстанда камакта.

 Дамирбек Асылбек уулу катышкан кылмыш иши боюнча 70 адам күбөгө өткөн. Аны менен кошо 11 адам камакта. Казак ЖМКсы Дамирбек Асылбек уулун «контрабанданын башчысы» деп атаган.

 Буга чейин «Кыргызстан»  фракциясынын депутаты А. Токторов жөнөкөй кийинген мамлекеттик кызматкерди кийген кийими үчүн басынтып талкууга түшкөн эле.

 Кыргызстан партиясын алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов негиздеген.

Учурдагы спикер Дастанбек Жумабеков Кыргызстан фракциясынан…

Теги:
Количество просмотров: 35