Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV
Мурунку элчи Кылычбек Султан өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу Адахан Мадумаровго карата каралоо жүрүп жатканын айтып, элге кайрылуу жасады.
Мекендештер! Көптөн бери ФБда пикир калтыра элек элем…
“Менин оюмча, азыркы учурда бийликке жагалданбаган, бийликтен жалтанбаган абройлуу оппозициялык жалгыз гана саясатчы АДАХАН МАДУМАРОВ калды. (Атамбаев, Текебаев, Жапаров тууралуу өзүнчө жазам…) Дал ошол позициясы жана даражасы үчүн Мадумаровго карата укмуштуудай каралоо кампаниясы жүрүүдө.Мекенибизде авторитардык, диктатордук жана кландык бийлик биротоло тамыр жайып кетпеши үчүн Мадумаровго болгон жеке мамилеңерге карабастан аны колдоого чакырам!Бийлик мамлекетибиздин ресурстарын каршылаштарына каршы эмес, өлкөнүн өнүгүүсүнө, элибиздин жыргалчылыгына жумшоого милдеттүү”,-дейт мурунку элчи Султанов.

Бул тууралуу Адахан Мадумаровдун өзү менен байланышканда мындай маалыматтан кабары жок экенин билдирип, кандай каралоо жүрүп жатканын кабарлаган Кылыч Султандын өзүнөн суроо керектигин билдирди.
“Бирөө бир нерсе деп айтат. Анан мага кайрыласыңар. Ал сөздү Кылычбек Султан айтып жатат. Андыктан өзүнөн сурагыла”,-деди Мадумаров.