• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова каза болду

16 Бирдин айы 2021 8:46 Бишкек Govori.TV

КРнын Эл артисти, актриса Жамал Сейдакматова бүгүн, 16-февралда таңга жуук дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-февралга караган түнү  Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, дүйнөлүк чыгаан актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21- сентябрында Ысык-Көл  районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.  Фрунзедеги №5- орто мектепти аяктап, Ленинграддагы Полиграфиялык институтка тапшырат. Табиятынан берилген шык талант аны искусствого кайрып келет. Театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүковалардын көрөгөчтүгү менен 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат. Келечектүү актрисанын таланты 1958-жылы тартылган «Алыскы тоолордо» көркөм тасмасында ролун аткаруу менен кеңири таанылган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыбай эмгек кылуунун үлгүсүн жаратты.

Кыргыз сахнасында В. Шекспирдин «Азоого чалмада» Катарина, «Отеллодо» Дездемона, Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күндө» Найман эне Ж. Абдыкадыровдун «Олжобай менен Кишимжанда» Кишимжан, К. Мамбетакуновдун «Омар Хайямдын махабатында» Элпи, М. Байжиевдин» Төрт адам да» Нази, «Кыз күйөөдө» Гүлсүн, Б Жакиевдин «Күттүргөн жазда келээр» Зейнеп, М. Карим «Ай тутулган түндө» Шафак, Гогольдун «Үйлөнүүсүндө» Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасов «Ак боз ат» Эркайым сындуу этаптык образдарды жараткан.

Количество просмотров: 1927