• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасынан жашы жете элек жарандар паспорт менен өткөрүлөт

14 Тогуздун айы 2020 19:59 Бишкек Govori.TV

20-октябрдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын жашы жете элек жарандары кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен паспорт менен гана өткөрүлө баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, бул 2012-жылы эки тараптуу кол коюлган макулдашуунун күчүнө киргенине байланыштуу ишке ашууда.

Ага байланыштуу Кыргызстандын жана Казакстандын жашы жете элек жарандарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү мамлекеттик чек арадан өтүүгө укук берүүчү документ болуп эсептелбейт, ага Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аба каттамы да кирет.

«Ошол эле учурда эки өлкөнүн 16 жашка чыга элек жана паспорту жок жашы жете элек жарандары буга чейин өлкөсүнөн чыгып кеткен болсо, мекенине кайтып келе жатканда туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көрсөтүп, чек арадан өтө алышат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 118