• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча 7 кылмыш иши козголду

19 Жалган куран 201916:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.03.2019. Govori.TV.

13-14-мартта Кыргызстан мнен Тажикстандын чек арасында болгон чатакка байланыштуу 7 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

“Азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн, коопсуздук комитетинин жана аскер прокуратурасынын өкүлөрүнүн катышуусу менен мамлекеттер аралык комссия түзүлдү”,-деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуруратурадан билдиришкендей, кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга ылайык учурда “улуттар аралык кастандыкты козутуу”,” киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренелери боюнча жети кылмыш иши козголду.

Эскерте кетсек, 13-мартта Көк-Таш-Ак-Сай Тамдык айланма жолун курууга байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында жаңжал келип чыккан. Чатакта 2 тажик жараны каза таап, 3 кыргызстандык жаран жаракат алган. Учурда конфликт жөнгө салынды.

Теги:
Количество просмотров: 28