Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.
Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда атышуу болуп жатканын жана анда 5-6 кишиге ок тийгени тууралуу видео интернетке тарады.
Анда жергиликтүү жарандар ок атылып жатат деп качып келе жатканын жана 5-6 адамга ок тийди деп айтып жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.
Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалга жеринен таанышып, эл менен сүйлөшүү үчүн биринчи вице-премьер министр Жеңиш Разаков бүгүн эртең менен Баткенге учуп кеткен.
Ал эми ЖК депутатттары чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча тийиштүү мекемелердин маалыматын угуу үчүн аларды саат 11ге чакыртышты.