• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Кыргызстан аскерлерди даярдоодо Кытай менен кызматташат

4 Жалган куран 201914:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.03.2019. Govori.TV.

Кыргызстан менен Кытай коргонуу, коопсуздук маселелери боюнча жана аскерлерди даярдоо багытында кызматташат. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы кабарлады.

Маалыматка ылайык, штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев 25-февралдан 1-мартка чейин Кытайга жумуш сапары менен барган.

Сапардын алкагында Дүйшөнбиев Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ, Синьцзянь аскер округунун командири Лю Ванлун жана Кытайдын 301-аскерий госпиталынын жетекчилиги менен жолуккан.

Тараптар 2019-жылы апрель айына пландаштырылган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынын уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашкан.

Анан сырткары коргонуу, коопсуздук, аскер-техникалык эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, акмактагы терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы биргеликте күрөшүү боюнча маселелерди карашты.

Теги:
Количество просмотров: 28