Бишкек.22.01.2019.Govori.TV.
Футбол боюнча Азия кубогунда беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын оюну 3:2 эсебинде БАЭ курамасынын утушу менен аяктады.
Таймаш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайед” стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталды.
1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот.
Бүгүнкү мелдеште Өзбекстан Австралияга 2:4 эсебинде утулуп калды. Оюндун негизги жана кошумча бөлүгү тең-тең аяктады. Бирок Өзбекстан Австралияга пенальти тебүүдө утулду.
5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.
Алгачкы айлампада кыргыз футболчулары Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен таймашкан. Алар кытайлар менен корейлерден утулуп, филиппиндиктерди жеңген жана финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.