Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп COVID-19 менен күрөшүүгө ЭВФтен $120,9 млн алат.
Анын ичинен коронавирус пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөө балансынын кечиктирилгис муктаждыктарын канааттандыруу үчүн $80,6 млн Тез каржылоо аспабы боюнча (RFI) жана $40,3 млн Тез кредиттөө ыкмасынын алкагында (RCF) берилди.
Өзгөчө финансылык жардамга сурам COVID-19 пандемиясынын жыйынтыгында келип чыккан төлөм балансына мөөнөттүү керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жактырылган. Бул донордук колдоо көрсөтүүлөрдү шыктандырууга жана саламаттыкты сактоонун негизги чыгымдарына акысыз ресурс бөлгөнгө жардам берет.
Бул дүйнө жүзү боюнча пандемиянын башталышы менен Эл аралык валюта фондунун RFI/RCF алкагындагы алгачкы өзгөчө насыясы.