• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кыргызстан менен Өзбекстан $1,5 млрд биргелешкен долбоорлорду иштеп чыкты

27 Үчтүн айы 202314:51 Бишкек Govori.TV

“Бүгүн биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү караштырган эки тараптуу документтерге кол коюлат. Биздин өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери баш болгон ыйгарым укуктуу органдар тоо-кен тармагы, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, энергетикада, курулушта, инфраструктурада жалпы суммасы 1,5 миллиарддан ашык АКШ долларына биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча чоң иштер аткарылды”, — дейт Жапаров.

Өлкө башчы пландаштырылган долбоорлор жакынкы аралыкта толугу менен ишке ашарына ишенерин билдирди.

“Албетте, инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн каржылоо талап кылынат. Бул багытта Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонсок болот. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет. Биргелешкен долбоорлор биздин өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарынын калкынын жана өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыздайт”, — деп айтты мамлекет башчы.

Количество просмотров: 97