• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кыргызстанда 25 майнинг ферма каттоодон өткөнү айтылды

2 Чын куран 2024 15:55 Бишкек Govori.TV

Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев Кыргызстанда 25 майнинг ферма каттоодон өткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 2-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып айтты. Депутат өлкөдө электр жарыгы майнинг фермаларга сатылып жатканын, ушундан улам калкка электр жарыгын берүүдө чектөө киргизилгенин билдирди.

“Сегиз майнинг ферма чакан ГЭСтерден өздөрү түзгөн келишим менен электр жарыгын алат экен. Бизде алар менен түзгөн бир да келишимибиз жок. Кеминдеги “Соларкоин” деген майнинг ферма Орусиядан Казакстан аркылуу транзит менен электр энергиясын алат экен”, — деди Атабек Абылгазиев.

Теги:
Количество просмотров: 79