• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыргызстанда 304 миң 649 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү

25 Чын куран 202015:15 Бишкек Govori.TV


Республика боюнча 304 миң 649 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жардам штабы билдирет.

Азык-түлүктүн тизмесине: ун, кумшекер, чай, өсүмдүк майы, макарон, күрүч дан азыктары (крупа) кирген пакеттерди муктаж болгон үй-бүлөлөргө ыктыярчылар жеткирип беришүүдө.

Штабдын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жардамды – 63 миң 880 үй-бүлө, Чүй облусунда – 57 миң 440, Ош облусунда – 89 миң 269, Жалал-Абад облусунда – 39 миң 53, Баткен облусунда – 12 миң 580, Ысык-Көл облусунда – 22 миң 615, Нарын облусунда – 10 миң 329 жана Талас облусунда – 9 миң 483 үй-бүлө алды.

Количество просмотров: 126