• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстанда бүгүн төрөлгөн балдарга белек берилет

20 Жетинин айы 2018 16:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.11.2018.Govori.TV.
Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокоу менен биргеликте Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна «Биринчи Демден» аттуу улуттук кампанияны ишке киргизүү үчүн барды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, 1989-жылдан бери 20-ноябрь балдардын дүйнөлүк күнү катары белгиленип келет. Бул күнү дүйнөлүк лидерлер БУУнун Башкы ассамблеясында балдардын укугу боюнча Конвенция кабыл алышкан.
«Кампаниянын алкагында Кыргызстан боюнча 20-ноябрда төрөлгөн 2000 ымыркайга көк лентага байланган белек берилет. Көк лента бардык балдардын укугу бирдей дегенди түшүндүрөт», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан балдардын укугу боюнча Конвенцияны 1994-жылы ратификациялаган. Ал эми 2019-жылы БУУнун балдар укугу боюнча комитетинде бешинчи жана алтынчы докладын окуйт.

 

Количество просмотров: 22