Кыргызстанда ири завод ачылып, 500 адам жумуш менен камсыз болот
Кыргызстанда ири завод ачылып, 500 адам жумуш менен камсыз болот
17 Аяк оона 2018 13:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.09.2018.Govori.TV.
Кыргызстанда радиатор чыгарган ири завод октябрь айында ишке берилет. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 500гө жакын адамды жумуш менен камсыз кыла турган ишканада үйдү жылыта турган радиаторлор жасалат. 40 миллион долларлык инвестицияга курулган заводдун жалпы аянты 60 миң чарчы метрге жетет.
«Бишкек» эркин экономикалык аймагында курулган ишканада даярдалган продукцияны коңшу өлкөлөргө экспорттоо пландалган.