• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Кыргызстанда издөөдө жүргөн Россиянын эки жараны кармалды

24 Бирдин айы 2023 14:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын эки жараны кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар өз өлкөсүндө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Жакында Кыргызстанга Россия Ички иштер министрлигинин Бурятия Республикасы боюнча ыкчам-издөө тобу оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасашкандыгы үчүн издөө жарыяланган жарандары боюнча келишкен.

КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Россиядан келген кесиптештеринин катышуусу менен ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн жарандардын жүргөн жерин аныкташкан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан РФда «Каракчылык» жана «Бандитчилик» беренелеринин негизинде издөөдө жүрүшкөн россиялык жарандар 1988-жылы туулган А.К. менен 1986-жылы туулган Ч.Ж. кармалган. Аларга 2016-жылы мамлекеттер жана эл аралык издөө жарыяланган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар уюшкан кылмыштуу топтун курамында Бурятиянын калк жыш жайгашкан пунктарында жана Улан-Удэ шаарынын аймагында күйүүчү май куючу жайларга жана дүкөндөргө бир нече жолу каракчылык менен кол салууга айыпталышууда.

Россиянын укук коргоо органдарынын эки жаран тең Кытайда же Монголияда туугандарында жашырынып жүрүшү мүмкүн деп болжолдошкон. Бирок, экөө тең Кыргызстандын аймагынан табылды.

Азыркы учурда кармалган жарандар камакка алынды. Жакынкы арада аларды экстрадициялоо маселелери чечилет.

Количество просмотров: 2795