• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстанда коронавирустун «британиялык» штаммы табылды

22 Чын куран 2021 11:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда биринчи жолу коронавирустун «британиялык» штаммы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргенин Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Бейшеналиевдин айтымында, Москвадагы лабораториядан келген анализдердин жыйынтыгы Кыргызстанда штаммдын бар экендигин тастыктаган.

Буга чейин жаш дарыгер Эрмек Исмаилов жаңы штамм келсе деле, Кыргызстанда аны аныктай ала турган жабдыктар жок экендигин билдирген.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын табышкан.

Количество просмотров: 645