• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда “квартирант” болгон кыргыз тили

28 Аяк оона 2018 19:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.28.09.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты кыргыз тилинин өлкөдө үч айлыгы жарыяланганына нааразычылыгын билдирип, бул уят иш экенин айткан.
Акыркы мезгилде чынында Эне тилге болгон мамиле төмөндөп кеткендей.  Мамлекеттик мекемелерде кыргыз тилин билбеген кадрлар көбөйүп, кыргызча маалымат алуу оорлоп калган өңдүү.
Бирок, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз тил маселесин жакшы эле колдоп, БУУнун трибунасына чыгып кыргыз тилинде сөз сүйлөп, Эне тилин даңазалыды.
Бул көрүнүштөн соң кыргыз тилин билбеген аткаминерлер аргасыздан кыргыз тилин үйрөнүшөбү?
Айта кетсек, экономика министри Новиков мамлекет эсебинен тил үйрөнмөй болуп, бирок, көпчүлүктүн сынынан улам баш тарткан.
Ал эми жаңы мэр Суракматов кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон аракетин кылып жатканы азырынча кара сөз түрүндө гана болуп жаткан өңдүү.

Количество просмотров: 23