Бишкек.17.07.2019.Govori.TV.
Кыргызстанда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жардамы менен 17-31-август аралыгында «Silk Road» аталышындагы экинчи тоо жарышы өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Мекеменин билдирүүсүндө айтылгандай, «Silk Road» жарышына 27 өлкөдөн келген 149 велосипедчи катышат.
Катышуучулар Бишкектен Чолпон-Атага чейинки жол узундугу 1 миң 705 чакырым аралыгында жарышат. Жолдун жүрүшүндө Кыргызстандын Соң-Көл, Көл-Суу, Тамга айылы жана Ысык-Көл сыяктуу кооз жерлерин көрүүгө болот.
Башка тоо жарышынан айырмаланып, катышуучуларга суу, тамак-аш, уктоого жер жана башка керектелүүчү нерселер уюштуруучулар тарабынан берилбейт. Ар бир катышуучуга жол көрсөтүү үчүн GPS-трекер жанында болот. Анын жардамы аркылуу көрүүчүлөр атайын картадан ким кайсы жерде экенин көрө алат.
«Жибек жолу» тоо жарышы жыл сайын август айынын акыркы эки жумасында өткөрүлүп турмакчы.