• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү

31 Баш оона 2018 9:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.08.2018. Govori.TV

Кыргызстанда Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” түзүлдү. Коомдук фонд Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан өтүп, ишмердигин баштады.

“Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчүжурналистик демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт.

Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрдү иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт.

Ошондой эле фонд журналисттик резонанстуу иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды, дискуссияларды уюштурат.

Фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө” сыйлыгын негиздейт. Бул сыйлык мезгилсиз дүйнөдөн кайткан чыгаан иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арналат.

Коомдук фонддун ишмердигинин ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн 11 кишиден турган Байкоочу Кеңеш түзүлдү. Байкоочу Кеңешке Кыргызстандагы кесипкөй журналисттер, коомдук ишмерлер кирди:
1. Роза Отунбаева – Кыргыз Республикасынын экс-президенти
2. Бурулкан Сарыгулова- “Азаттык” радиосунун башкы редактору
3. Нарын Айып – журналист
4. Султан Каназаров – журналист
5. Олжобай Шакир – журналист, акын
6. Элдияр Арыкбаев – “Клооп” медиа порталынын башкыредактору
7. Азамат Тынаев – “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы
8. Рита Карасартова – Коомдук талдоолор институтунун директору
9. Өндүрүш Токтонасыров – жарандык активист
10. Элмира Ногойбаева — «Полис Азия» аналитикалыкборборунун директору
11. Искендер Ормон уулу – “Сереп” аналитикалык борборунун директору

Фонддун төрагалыгына медиа менеджер Айбек Турдалиев тандалды.

Журналисттик иликтөөлөр фондунун расмий бет ачары 2018-жылдын сентябрь айында болуп, анда “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө” сыйлыгына сынак жарыяланат.

Журналисттик иликтөөлөр коомдук фонду активдүү жарандардын өз ыктыяры менен берген каражаттын негизинде иш алып барат. Фонддун эсебине алгачкылардан болуп Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 1 миллион сом которду.

Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” коомдогу терс көрүнүштөрдү журналистик иликтөөлөр аркылуу ашкере кылууну каалаган бардык жарандарды жана уюмдарды кызматташууга чакырат.

Фонддун банктык эсептери:
Demir Kyrgyz International Bank (Bishkek, Kyrgyzstan)

Кыргыз сому 1180000113646218

АКШ доллары 1180000113646319

Орус рубли 1180000113646521

Евро 1180000113646420

Байланыш үчүн: [email protected]

Количество просмотров: 41