• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда жүк ташуучу унаалардын күндүз жолдо жүрүүсүнө тыюу салынды

6 Кулжа 2019 13:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.

Унаа жана жолдор министрлигигинин буйругуна ылайык, 1-сентябрга чейин жүк ташуучу чоң унааларга саат 9дан кечки 8ге чейинки убакта Кыргызстандын жолдорунда жүрүүгө тыюу салынат.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр күндүзгү температура 28 градустан жогору болгондо киргизилип, 25 тоннаны түзгөн ири габариттүү жүк ташуучу унаалар жолдо жүрө албай турганы кабарланды.

Кошумчалай кетсек, чектөөлөр жүргүнчү ташуучу, гуманитардык жардамдарды жеткирген унааларга, ошондой эле уруксаат берилген кооптуу жүктөрдү ташыган жана аталган министрликке тиешелүү жолдордун ремонтун жасап жаткан унааларга киргизилбейт.


Количество просмотров: 18