• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстандык суучулдар Словакияда 2 алтын, 1 күмүш медаль утушту

5 Жалган куран 2019 9:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.03.2019. Govori.TV

Кыргызстандык суучулдар Словакиядагы Гран-приде ийгиликтүү күч сынашты.

Маалыматтарга караганда, эл аралык мелдештин үчүнчү күнүндө Кыргызстандын курама командасы үч медаль утту. Елизавета Рогожникова эркин стилде 200 метрге сүзүүдө күмүш медаль тагынып, Кыргызстандагы рекордду 2.06.89 убакыт менен жаңылады.

Владислав Шулико баттерфляй ыкмасында 100 метрге сүзүп, алтын медаль алды. Денис Петрашов брасс ыкмасы менен сүзүүдө 50 метр аралыкта биринчи орунду камсыздады.


Словакиядагы Гран-при – Олимпиада-2020 үчүн лицензиялык мелдеш.

Количество просмотров: 13