Бишкек.04.03.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын аймагында 1-марттан тарта 31-майга чейин жашылдандыруу иштеринин 3 айлыгы өтөт. Бул демилге шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо максатын көздөйт. Өкмөттүн маалыматы боюнча, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Үч айлыктын алкагында көчөлөрдү, короолорду тазалоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү; администрациялык жана турак жай имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү; көчөлөрдө түнкү жарыктандыруу орнотуу; тосмолорду, дубалдарды талаптагыдай түргө келтирүү; жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү; калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү; муниципалдык жолдорду оңдоо жана социалдык чөйрөнүн, айылдык инфраструктура объекттерин оңдоо иштери аткарылат.