• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Кыргызстандыктар ноябрда 4 күн катары менен эс алат

19 Тогуздун айы 202019:08 Бишкек Govori.TV

Ноябрь айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленген. Майрам ишемби жана жекшемби күндөргө туура келип калгандыктан дем алыш дүйшөмбү жана шейшембиге жылдырылат.

Маалыматка ылайык, майрам 2017-жылы ошол учурдагы президенттин жарлыгы менен бекитилген.

Количество просмотров: 694